Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев АКШдагы элчилик бир жылдан бери парламенттин комитетинде отчёт бербей жатканын айтты.
Эл өкүлү тышкы иштер министрине кайрылып, элчилерин жумушка көңүл бурууга чакырды. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бул маселеге көңүл бурууга убада берди.
“20-апрелде бардык элчиликтер менен жыйын болот. Ошондо ар бир элчинин ишин карап, ага карата баа берилет. Быйыл АКШнын элчилигинин ишмердүүлүгүн биз карайбыз. Отчёт боюнча да биз билдиребиз”, - деди Абдылдаев.