"Жакын арада өкмөттө өзгөрүүлөр болот, өкмөт кызматкерлерди кыскартууга барат", - деди биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Жыйында депутат Бахадыр Сулейманов өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө жылына 50 миллион сом каралышы керектигин, бирок бул жасалбай жатканын айтты. Шадиев өкмөт ички түзүмдөрдөгү кыскартуулар аркылуу бул демилге колго алынарын айтты.
"Жакын арада өкмөттө өзгөрүүлөр болот, өкмөт кызматкерлерди кыскартууга барып, 10 пайызга кыскарат. Кыскартуулардын негизинде көп структураларда өзгөрүүлөр болуп, туризм боюнча өзүнчө агенттик түзүлөт. Анын бюджети 38 миллион сом болот. Каржы министрлиги булакты тапты. Туризмге көңүл бурууга убакыт келди", - деди Шадиев.