"Өлкөгө 14 миллиард сом зыян алып келген министр жазаланган жок", - деди бүгүн, 23-январда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев.
Ал Кыргыз өлкөсү Бажы биримдигине киргенде, өкмөт темир жолу аркылуу жүк алып келгендерге ата мекендик салык киргизип коюп, ишкерлер товарларын Казакстандын темир жол бекеттеринде түшүрүп кайра өлкөгө унаа менен ташып кирип турганын айтты. Бул маселе 2015-жылдын май айынан 2018-жылдын 13-январына чейин коштолуп, мындан өлкөгө түшө турган 14 миллиард сом коңшу өлкөгө түшкөнүнө Темир жол ишканасы менен Транспорт жана жолдор министрлигинин иш аракети себеп болгонун айтты.
"Жылына 100 миллион доллардан каражат түшүп турмак. 2 жылда 200 миллион доллар башка өлкөнүн пайдасына кетти. Өлкө 14 миллиард сом зыян тартты. Министрди камабасаңар да сөгүш берип койбойсуңарбы?! Ушул да адилеттүүлүкпү? 168 миң сом үчүн Шыкмаматовду бир жыл сотко сүйрөп, прокуратура 10 жыл сурап, сот 5 миллион айып салды. Ал эми өлкөгө 14 миллиард сом зыян алып келген министрге эч кандай чара көрүлгөн жок", - деди Иманалиев.
Иманалиевди депутат Чыныбай Турсунбеков да кубаттап, тийиштүү кызматкерлерди жумуштан алып, элге жарыялоону сунуш кылды.
"Кошуналардын тилине кирип алардын сунушун кабыл алып, акырында маселе жаралган. Темир жолго түшүп андан бери унаалар менен ташып келишкен. Кандай маселе оор экени билинип турат. Ошондуктан министрди сөгүш менен жазалоо өтө эле жумшак болуп калат. Жок дегенде бул үчүн министрди жумуштан алып, эл алдында уятка калтырыш керек", - деди Турсунбеков.