Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев тышкы иштер министрине кайрылып, элчиликтерге соода агенттиктерин ачууну сунуш кылды.
"Элчиликтерге соода агенттиктерин ачуу боюнча сунуш бергем. Ошол маселе ишке ашса, алар келип кандай шарт менен, эмне сата аларын билдирсе, бул ишкерлер үчүн шарт түзүп экономикага салым кошмок", - деди Нурбаев.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев учурда бул багытта иш-аракеттер көрүлүп, жакында бул практиканы сынап көрүү үчүн пилоттук негизде үч элчиликте соода агенттиги ачылып жатканын айтты.
"Ар бир элчиге өзүнчө тапшырма берилип, ушул тармакта иш кетип жатат. Бул сунушту пилоттук негизде үч мамлекетте сынап көргөнү жатабыз. Өкмөт бул демилгени колдоду. Алгач үч мамлекетте сынап көрөлү. Эгер жумуш натыйжалуу болсо, ишти андан ары улантабыз. Жакында ар бир элчинин ишине баа берилет. Кайсы элчилик кандай шартта, канча инвестиция тартканы боюнча маселени карайбыз", - деди Абдылдаев.
Комитет төрагасы Исхак Пирматов Индиядагы элчинин жардамы менен соода-сатык тармагында 3 миллион долларга ишкерлер товар экспорт кылганын айтып, ТИМди бул маселеге көңүл бурууга чакырды.