Шадиев: "Күзгө чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн кичи автобустар чыгарылат"

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Бишкек мэриясына электр тогу менен жүргөн автобустарды алууга сунуш кылды.

"Жакында өкмөт жаңы автобустарды сатып алабыз деп жатат. Мен сунуш кылат элем, электр тогу менен жүргөн автобустарды алыш керек. Кытайдан көрүп келдик, бүт автобустары ток менен жүрөт экен. Ош шаары сатып алган автобустар өтө көп бензин кетирип азыр өзүн өзү актабай жатат. Ошондуктан ушул жылдан бюджеттен алына турган автоунаалардын да электр тогу менен жүрө турганын алууга өтсөк. Өткөн жылы бюджеттен автоунааларды алууга 1 миллиард сом кетти. Бул чоң каражат", - деди Нурбаев.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жаңы алына турган автобустар боюнча учурда Орусия менен келишимге кол коюлуп калганын айтты.

"Газ менен жүрө турган автобустарды сатып алабыз деп Орусия менен келишимге кол коюлуп калды. Ошондуктан бул жолу электр тогу менен жүргөн автобустарды ала албай калабыз. Азыр Бишкекте 350 автобус алып келүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө. Буюрса, бул сентябрь айына чейин чечилет. Күзгө чейин Бишкектин борборлорунан кичи автобустар чыгарылат", - деди Шадиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
vavilon.
2018-01-23 13:06:28
Ошону туура кыласынар. Кичи автобустарды шаар сыртына гана жүргүзүү керек.
+7
aza84
2018-01-23 13:07:16
Ким айты сага бензин менен жургонду электр ток кылуга болот деп ал учун ошол автобустун баасы кетип калат
-1
zhykyo
2018-01-23 21:59:34
aza84,эмне деп салгансын сага ким айтты
0
sanchos1
2018-01-23 13:08:58
Ошондо газдын баасы дагы кымбаттайбы казактардан зависымый болуп. Болбосо жакшы контракт тузуш керек. Мынча сомдон мынча жылга узгултуксуз доставка кыласын. Доставка срыв болсо мынча штраф толойсун д. Газпром болгондон кийин газ очту деген созду уга элекмин. Себеби газпром озбектер менен жакшы контракт тузгон. Озбекстан газды очуруп сала албайт. Очурсо штраф-келишимде айтылган. Ушундай кылыш керек
+3
matilla
2018-01-23 13:19:54
Шадиев каяктан болот? Акаевдин убагыдан бери жогорку кызматтарда журот.
+2
NURTILEK_KG
2018-01-23 18:38:35
matilla,баткен обл.лейлек району.
-1
ady-88
2018-01-23 13:21:05
Кузго чейинго мини унааларды кобунчосу мерседес спринтерлерди алып салат. Эми кызыгы ошол айдоочуларга иш орундары берилеби же дагы мигранттын санын кобойтушобу жеп жутарлар.
-1
KGstan1981
2018-01-23 13:49:48
Куз келгенде кышка чейин деп элди алдабасанар эле болду.
0
Anichka12
2018-01-23 14:35:42
Эх атандын кору дагы бир чондун мурду жыт алат экенда
+3
ali1995
2018-01-23 15:23:50
Кытайдан алса дагы жарымы жараксвз болуп чыгат
+2
Taalaibek.
2018-01-23 23:32:59
Ошондуктан кичи автобустарды сатып чон автобуз алгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан