Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сабатсыз болуп жатканы айтылды

Бүгүн, 23-январда Бишкекте аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сабатсыз болуп жаткандыгы айтылды.

Өкмөттүк аппараттын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн орун басары Жетиген Бакировдун айтымында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын айрымдары өз милдеттерин так билбейт.

"Эмне үчүн депутат болуп келгенин сурасаң "депутаттар айыл башчыны шайлайт экен, бир аз акча алып алыш керек" деп айткандары болду. Элементардык этикаларды сакташпайт. Бир жерге барышса "кофе-брейк барбы?" деп сурашат. Андан сырткары аларга көп эле жолу окуулар өткөрүлөт. Бирок жыйынтыгы жок болууда", - деди Бакиров.

Буга чейин жумушчу топтун жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков да баяндама жасап, жергиликтүү кеңештердеги көйгөйлөргө токтолгон. Ал айыл өкмөт башчысын же шаар башчысын шайлоодо жергиликтүү кеңештин депутаттары жөндөмсүз болуп жатканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Nazic
2018-01-23 14:17:03
Дагы акча, дагы тааныш аркылуу шайлагыла.. билими жок, мектепти буткон боюнча кочо чанытып жургон бироо келип депутат болду айылдык кенешке, ал жалныз озу учун гана иш кылбаса бир маселени чечип бир проекттин устунон иштеши кумон...
+5
urmat-87
2018-01-23 14:28:10
Nazic,Туура айтасыз өздөрү эч нерсе билбесе элине ,же болбосо айылына кантип кызмат кыла алмак эле!
+4
Kanat.tls
2018-01-23 14:30:55
Муну мурун ойлонуш керек болчу мыйзам кабыл алып жатканда
+7
Too-tash
2018-01-23 14:36:17
Ошол учун жергиликтуу кенеш депутаттарын жоюп салуу керек. Жогорку Кенештин депутаттарына окшоп ашеа жук, башка жук, депутат болгондогу максаттары казынаны тоноп уурдоо... Байлык куроо...
+1
bond
2018-01-23 14:39:32
Too-tash,жогорку кенешти да кыскартыш керек копчулугу тоок мээлер.
+8
KGstan1981
2018-01-23 14:37:06
Жергиликтуу кенештин эле эмес ЖКтин копчулук депутаттары дагын сабатсыз жана эрксиз, бийликтен коркон жана подхалим депутаттар олтурушат.
+9
Dastanke2014
2018-01-23 14:48:53
Жериликтуу кенеште спортсмен, кочо чаныткандар, окубагандар озунун атын туура жаза албагандар депутат боло алышат.
+6
Aydarov.0607
2018-01-23 18:37:54
Dastanke2014,Эн туура мен да ушинтип жазайын дегем.
+1
Dembele84
2018-01-23 14:51:38
Мен жогорку кенештеги эптеп мандат алып илешип келип калгандарды депутат дебейм.Мен аларды кнопка баскычтар дейм.Оз оюн толук билдире албагандар отурат.Алардан жакшы нерсе кутуп болобу?Алар добуштун саны учун гана керек
+2
pixduel1
2018-01-23 14:58:32
Азыр тааныш билиш кылып шайланып жатканы канча? Бул нерсенин эмне кереги бар?! Пайдасы тийбеген бир депутат болот калат! Башы иштеп, колунан бир нерсе келсе ансыз да которулсо,пайдасын элге тийгизсе болот!
0
eky2010
2018-01-23 15:21:19
Жогорку кенеш эле сабаттуубу?
+1
Begmat1992
2018-01-23 15:21:20
Айлдык кенешти жойуп жогорку кенешти кыстартыш керек 50 60 депутат болсо болот министирлердин алардын орун басарынын орун басарларын да кыскартыш керек
+1
Parish
2018-01-23 15:45:55
Эми айта берсен арман коп дегендей 400 кожолук айылга беш депутат отуруп алган иш коп бирин дагы аткара элек.Буларды бир жылдык ишин карап иштей албаса алып салуу жагын караштырыш керек,болбоо илкип калкып моонотун откоруп атпайбы.
+1
Dembele84
2018-01-23 16:36:38
Ушуга окшогон нерселер Атамбаевдин убагында вообще каралган эмес.Ажоон озу чоркок болсо бироого бир нерсе дей алабы?Озунун адамдарынанбы болду,сабаты барбы жокпу баарибир.Бироо каршы суйлоп койсо жамандап баса калмайы бар.
+1
Too-tash
2018-01-23 17:59:03
Негизи бул бийликтин озун биротоло отставкага айдаш керек, министр, сот, Жогорку Кенеш депутаттарын...

Жогорку Кенеште сабатсыздар толтура, эптеп окуду кылып алган дипломдорун кучактаган...

Анан калса Момбеков, Бекешов, Орозова, Карамушкина, Мусабекова, Артыков ж.б. клоундар тойгузду элди, ачыгы...
0
Alixan-Nookat.2015
2018-01-23 18:22:55
Жогорку кеңеште Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин билбеген адамдар олтуратго
+1
talant87
2018-01-23 19:37:41
Мен Алабуканын айылдык кенешинин депутатарына иштегине тан калдым ото озгоруу кооп
0
future_kg
2018-01-23 20:00:49
Мектепти коридор до бутуп, тункусун кочодо откоргон жигиттер, кычыраап спорткийим кийип алып мэр шайлап журушот, чонтогуно 100$ салып койсо суйунуп, элге кызмат кылып жатабыз деп!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан