Милицияга каршылык көрсөткөн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын кызматкери иштен бошотулду

Бишкекте мас абалында коомдук тартипти бузуп, кийин милицияга каршылык көрсөткөн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын өкүлү иштен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кафеде коомдук тартипти бузуп, милицияга каршылык көрсөткөн биздин кызматкер Кубанычбек Тойчубеков боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында кызматтык талапка жооп бербеген иш-аракеттерге барганы жана биздин мекеменин атын булгаганы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 21-январда Бишкектеги кафелердин биринде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын кызматкери мас абалында коомдук тартипти бузуп, кийин милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан