Электр энергиясына болгон тарифтерди арзандатуу үчүн энергетикалык базар түзүү сунушталды

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өлкөдө энергетикалык базарды түзүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулады.

Демилгечилер бул мыйзам менен тарифтерди арзандатууну көздөй турганы айтылат. Комитет жыйынына электр тармагында иш алып барган жеке компаниялар да чакырылган.

”Электр күчү” компаниясынын негиздөөчүсү Али-Магомед Водянов энергетикага базар түзүү менен баа саясатын жолго салууга мүмкүн боло турганын айтты.

“Энергетикада базардын убактысы келди. Базар - бул атаандаштык. Атаандашууну жаратуу жолу менен гана бааларды жолго салууга болот”, - деди Водянов.

Ал эми Түндүк энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев энергетикалык базар түзүүгө арналган мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу зарылдыгын айтып, ал үчүн үч жума убакыт сурады. Депутаттар Калиевдин сунушун колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RaHat19
2018-01-23 21:28:22
уруксаат бериш керек болчу мурда эле.Мисалы кун системасын пайдалануу керек майда агын сууларды кошуш керек.Жолу коп качан свет арзандайт муну чонтокко салгандар тыйылыш керек.
0
Taalaibek.
2018-01-23 23:16:58
10 тыйын кылыш керек болучу. Мынча киловаттан мынча киловаты жок эле, киловатына 10 тыйын эле кылгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан