Буга чейин 20-январда Чүй облустук төрөт үйүндө 42 жаштагы аялдын төрөттөн кийин эсине келбей көз жумгандыгы маалымдалган. Төрөт учурунда абалы оорлошуп кетип, 5 күн комада жатып каза болгон эненин өлүмүнүн себебин иликтөөнү саламаттыкты сактоо министри өзү көзөмөлгө ала турганын билдирген.
Жаңы төрөгөн ымыркайын кошкондо 5 баланын энеси, маркум Роза Жусубалиеванын сөөгү кечээ, 22-январда жерге берилгенин сиңдиси Анара Жусубалиева SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, маркумдун 4 кызы бар, ал эркек бала төрөп алууну ниет кылып жүргөн.
"Байкуш эжемдин тилегениндей эле эркек бала төрөлдү. Ажал экен, күнү бүтүптүр, маңдайына ушундай жазылыптыр деп жатабыз. Бирок ошол ажалга да себеп болгон учурларды байкап кол куушуруп тура албай жатам. Эжем 2 ай мурун, 20-ноябрда эле Чүй облустук төрөт үйүнө бойдон түшүп калуу коркунучу менен жаткырылган. Бала жатындын ылдый жагында жайгашкан деп 2 ай жатты, бул убакыт ичинде дарыгерлер сага оор операция жасалат, даярдан, көп кан кетет, 10 киши менен сүйлөшүп, даярдап кой деп айтып жүрүшүп такыр эле коркутуп салышкан. Мен келген сайын коркуп жатам, мага оор операция жасалат экен деп айтып жүрчү", - дейт Жусубалиева.
15-январда Роза Жусубалиева сиңдиси Анара Жусубалиевага телефон чалып чакырган. Анда ал дааратканадан чалып жатканын, кан өтө көп кеткенин айтып, операция жасала турганын кабарлаган.
"Мен жетип келгенге чейин операцияга алып кирип кетишиптир. Эжем белиме сайылган наркоздон корком, жалпы наркоз берилсе экен деп жүрчү, дарыгерлерге да ошентип айтканына карабай анын белине эле наркоз беришиптир. Ага чейин эле абалынан чочулап жүргөн эжем кесилгендерин көрүп эсин жоготсо керек деп болжолдоп жатам, ал эсин жоготкондон кийин жалпы наркоз берип коюшуптур. Эжем ошол бойдон эсине келген жок, 5 күн комада жатып көзүн бир да ирмебеди. Ошол 2-наркозду көтөрө албай калды деп жатабыз", - дейт ал.
Анын айтымында, улуу кызы 22 жашта болсо кичүүсү 4 жашка толот. Бир кызынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Аны үйүндө күйөөсү караса, Роза Жусубалиева базарда нан сатып иштеген.
"Эжеме дарыгерлер оор операция жасайбыз, 8 миң сом даярда, негизи сага андан да көп акча кетет деп айтышкан экен. Сураган акчаларын беребиз деп эле жатканбыз. Нааразы болгонубуз эле биз чукул кырдаалда алып барган жокпуз да төрөтканага, ал 2 ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болду, анын абалынан толук кабардар болуп турушуп тандоону өзүнө коюп коюшкан, качан кан кеткенде операция жасалды. Азыр дарыгерлер "кан кеткен эмес, толук наркоз берүү үчүн эжеңизде астма бар экен, болбойт болчу" деп жатышат. Ал эми наркоз берген анестезиолог эжем каза болгондон кийин 5 күн төрөтканага келген жок. Көзөмөлгө алган дарыгерди да айтпай жүрүшкөн. Мен министрликке кайрылып, министр 5 профессорду жөнөткөндө гана дарылаган жаш врачты көрдүм, анын тажрыйбасы 1,5 жыл экен. Өздөрү абалың оор деп айтып жаткандан кийин тажрыйбалуу дарыгерлер караш керек эле", - дейт ал.
Ошондой эле ал эжеси көз жумгандан кийин палатасынан дарыгерлерге деп катып койгон 7 миң сомду чүпүрөккө оролгон тейде табышканын, аны палатада чогуу жаткан келиндер билдиргенин кошумчалады.