Интернетке порно видеосу тараган делген Кыргыз улуттук консерваториясынын хор жана вокал бөлүмүнүн деканы Мария Шипулина убактылуу кызматынан четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Шипулина иликтөө иштери аягына чыкканга чейин жумушка чыкпайт.
"Аталган мекеменин WhatsApp номерине "Социалдык тармактарга бул мугалимдин интимдик видеосу тараган" деген билдирүү келген. Видеону тараткан адамды табууга мүмкүн болгон жок, анткени ал видеону жөнөткөн номер жок болуп жатат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Буга чейин Мария Шипулина маалымат жыйын өткөрүп, интернетке тараган видео монтаждалганын айткан.
"Чынын айтсам видеодогу жана сүрөттөрдөгү айым мен эмес, бул монтаж. Аны сайтка мени менен мамилесин үзгөн адам жүктөгөн. Ал биздин ортобуздагы мамиленин бузулушун туура эмес кабыл алып, өч алуу максатында ушундай кадамдарга барууда", - деген ал.
Министрлик учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын кошумчалады.