Бүгүн, 24-январда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин карайт. 18-январда соттук отурум өтмөк. Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти карап жаткан соттук жамаатка депутат жүрөк дартынан улам ооруканада жаткандыктан отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирген. Соттук жамаат жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, ишти 24-январь күнү улантууну чечкен.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.