КҮНСЕРЕП: Криминал кайсы "кызматы" үчүн эркиндикке чыгарылып жатат?

Бүгүн, 24-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Улуттук банк уюлдук операторлордун абоненттерине электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүгө тыюу салганы жатат. Уюлдук операторлор буга каршы. Байланыш операторлору уюмунун өкүлү Айбек Күрөңкеевдин билдиришинче, учурда бир күндө эле электрондук капчык аркылуу 1 миллион 200 миң сомдун тегерегинде төлөм жүргүзүлүп жатат.

Улуттук банк электрондук төлөм жүргүзүүгө чектөө коюлуп жатканын ырастады. Бул ишти "уюлдук компаниялар жарандардын электрондук капчыгындагы акчанын сакталышына жана төлөнгөн сумманын өз дарегине жетүүсүнө кепилдик бере албай жатышат" деп түшүндүрдү. Кокус уюлдук компания чоӊ жоготууга учурап жабылып калса, жарандар эсептеги акчасын кайтарып ала албай калышат, ушул өӊдүү тобокелчиликтерди жоюу керек дейт Улуттук банк. Уюлдук операторлор ассоциациясынын билдиришинче, Улуттук банк менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр акыркы беш айдан бери жүргүзүлүп, бирок тыюу салуу керек деген жыйынтыкты өзгөртө алышкан эмес. Аталган ассоциация бул жагдайды атаандаштыкка байланыштырууда. Уюлдук компаниялар сунуштаган каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү 3 айда 100 миӊден ашык жаран пайдаланса, башка компаниялардын электрондук капчыгын 4 жылдан бери 300 миӊдей гана жаран колдонгон. Айрым эксперттер Улуттук банк азыркы тапта “сага да жок, мага да жок” деген позицияда турат деп сындоодо.

Албетте, коопсуздук маанилүү. Бирок Улуттук банк жүйө келтирген тобокелчиликтерди электрондук капчык аркылуу төлөмдөргө тыюу салбай, башка жол менен чечүүгө мүмкүн эмеспи деген суроо жаралат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга илинди. Акыркы чечим 12-февралдан кийин кабыл алынат.

Электрондук капчык - уюлдук телефондогу баланс аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү, акча салуу, акча которууларды кабыл алуу, кыскасы каржылык операцияларды жүргүзүүнүн ыңгайлуу жана ылдам жолу. Учурда Сапар Исаков баш болгон өкмөттүк курам өлкөнү “Таза коом” долбоорунун негизинде санарипке өткөрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарипке алып чыгуу, муну менен коррупциянын классикалык схемаларын жоюу аракетинде. Мындай аракет кызуу жүрүп жаткан маалда Улуттук Банктын акыркы учурларда колдонуучулары өсүп жаткан кызматты токтотуп салуу аракетин өнүгүүнү артка тартуу катары сыпаттагандар чыгууда. 2019-жылы өкмөттүн иши 100 пайыз санариптик форматка өтөрү күтүлүүдө. 2018-жылы 1-январдан тарта Кыргыз жеринде ЕАЭБдин Бажы кодекси күчүнө кирди. Ага ылайык, бажыда товарларды каттоодон тарта чыгарууга чейинки иш санариптик форматта жүргүзүлө баштады. Бул убакытты үнөмдөө менен бирге Бажыдагы коррупцияны азайтышы керек. Салык, билим берүү, саламаттыкты сактоо өӊдүү башка тармактарды да санарипке өткөрүү каралууда.

2017-жылы октябрда Бишкекте Мамлекеттик электрондук кызмат порталы ишке киргизилген. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев эми бардык төлөмдөрдү үйдөн чыкпай туруп төлөөгө болорун, ал үчүн жарандарда электрондук капчык болушу керектигин билдирген. Төлөмдөрдүн коопсуздугу да эске алынганын айткан эле.

Исаков 23-январда Швейцарияда "Давос-2018" Дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөп, анда Кыргыз өлкөсүндөгү олуттуу өзгөрүүлөр деп дал ушул санарипке өтүү үчүн жасалып жаткан иштерди атады. Андыктан Улуттук банк менен уюлдук операторлор ишке кирген кызматка тыюу салбай, аны жакшыртуунун жолун табышканы максатка ылайык. Кантсе да коомчулук бул мекемелерден велосипед ойлоп табууну талап кылбай эле, электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүү дүйнөнүн далай өлкөсүндө кеңири колдонулуп келе жаткан ыкма...

Өлкөдө тоноо, опузалоо өңдүү кылмыштардын жанданышы, крим чөйрөнүн өкүлү катары айтылып жүргөн камактагы адамдардын мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгарылышы УКМК, ИИМ, сот органдарына суроолорду көбөйтүүдө. 16-январда былтыр эле 7 жылга соттолгон Чыӊгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) эркиндикке чыгарылды. Андан 3 күндөн соң, 19-январда “Дөөнүн оӊ колу" аталып жүргөн Самарбек Жолдошев №3-түрмөдөн жатак абакка которулду. Жазык-аткаруу кодексине ылайык, жатак абакка которулган соттолуучу абактын аймагынан тышта жүрө берет.

2017-жылы УКМК депутат Канат Исаевди "бийликти басып алууга аракет кылды" деп кармаган учурда интернет желесинде Чыӊгыз Жумагуловдун телефондук сүйлөшүүсү делген аудиожазуу пайда болгон. Аудиожазууда эки адам Исаевдин тополоӊ уюштурары жөнүндө сөз кылышкан. Бул жана башка аудио, видео жазуулар негиз болуп парламент депутатына каршы кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Андыктан “президенттик шайлоодо көрсөткөн "кызматы" үчүн "караларга" сыйлык катары эркиндик тартууланып жатабы?” деген суроолор интернеттеги соцтармактарда кызуу талкууга түштү. Президенттик шайлоо алдында БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев "криминалдын жанданышы бийликтин алсыздыгынан болууда" деген. Ал эми депутат Каныбек Иманалиев шайлоого "караларды" аралаштырбоого чакырып: "Бүгүн криминал силерге добуш алып берсе, эртеӊ алардын бутун тазалайсыӊар" дегени бар.

Жарандык коом, оппозициядагы саясатчылар ИИМдин кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишин сындап жатышат. 21-январда атайы операция учурунда Бишкекте түнкү клубдан баӊгизат алып жүрүүгө шектелип бир топ адам кармалган. Жарандык активист Эдил Байсалов "өлкөдө уюшкан кылмыштуулук гүлдөп жатканда Кыргыз милициясынын диско-клубга ууга чыкты" деп сындады. Четинен эркиндикке чыгарыла баштаган криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү эмнеге даярданып жатышат? Ушул суроо азыр көпчүлүктү ойлондуруп турган чак...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан