Кыргыз өлкөсүндө дүйнөлүк баалуу кагаздар базарына кирген бир да компания жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиев билдирди.
Жалпы жыйында депутаттар эл аралык баалуу кагаздар рыногуна кирген ата мекендик компаниялар туурасында сурады. Шамшиев эл өкүлдөрүнө жооп берип жатып, эл аралык рынокко чыккан бир да компания жок экенин айтты.
"Эл аралык биржага чыгуу үчүн тийиштүү суроо-талаптар бар. Бул чоң чыгымдарды талап кылат. Эгер компаниялар буга даяр болсо, алар эл аралык базарга чыгууга мүмкүнчүлүк алат", - деди Шамшиев.