Каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келчү депутатка мандат тапшыруу боюнча тиешелүү документтер даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Бекматовдун айтымында, азырынча мандат качан бериле турганы белгисиз.
Эске салсак, 19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген.