"Аймактарды өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгына ылайык, жер-жерлерде өндүрүштү колго алуу, кызмат көрсөтүү боюнча иш жүргүзүлөт, айыл чарбасы колго алынат", - деди Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экономика министри Артём Новиков. Эл өкүлдөрү президенттин жарлыгы боюнча 2018-жыл аймактарды өнүктүрүүгө арналганын негиз кылып бул багытта кандай жумуштар аткарыларына кызыкты.
"Эң чоң аракеттер экспорттук абалды жакшыртууга жумшалат. Ушул эле жарлыкка ылайык, “Таза коом” электрондук программасын ишке ашыруу жагы каралган. Бул багытта бюджеттен канча каражат каралышы боюнча Каржы министрлиги жооп бергени туура болот", - деди Новиков.