Парламентте Улуттук банкты салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Улуттук банкты салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер бул мыйзам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталганын белгиледи.

Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун айтымында, мыйзам долбоорунда Улуттук банктын пайдасынын эсебинен бюджетке которулуучу каражаттын өлчөмүн 70 пайыздан 90 пайызга көтөрүү демилгеси сунушталууда. Ал билдиргендей, Улуттук банк буга чейин бюджетке каралган салык түрлөрүн төлөбөй келген.

Эгерде Улуттук банктын пайдасы акыркы жылдардагы деңгээлде сакталса, бюджетке кошумча 500 миллион сом каражаттын түшүшүн камсыз кылмак.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ушул тапта резервде 7 миллиард сомго жакын акча топтолуп калганын билдирди. Анын пикиринде, эл аралык саясаттын талаптары боюнча резервдеги каражатка тийбеш керек.

Мындан тышкары улуттук валютаны Кыргыз өлкөсүнүн өзүндө чыгаруу демилгесин ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан