Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев экономика министри Артём Новиковго кабинетте отурбай, аймактарды кыдырып иштөөнү сунуштады.
Эл өкүлү өкмөт тарабынан кабыл алынган программалар көп учурда ишке ашпай жатканын негиз кылып, министрди бул багытта аймактар менен кызматташууга чакырды.
"26 жылдан бери көп жакшы программалар жазылат. Бирок программанын аткарылышында жыйынтык чыкпай жатканына күбөбүз. Ошондуктан мыйзамдын аткарылышын аким, айыл өкмөт, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө чейин тактап алыш керек. Ар бир айыл өкмөткө чейин дотациядан чыгуу, жумуш орундары, салык төлөө, калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча тапшырмаларды бериш керек. Бир жылдан кийин анын аткарылышын талап кылгандан кийин жыйынтык болот.
2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо эң туура кадам деп эсептейбиз. Сиз ар бир айылдарга барып, так тапшырмаларды коюп иштешиңиз шарт. Бизге кайрылсаңар көп программалар бар. Калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча сунуштарды берүүгө даярбыз", - деди Төрөбаев.
Экономика министри Артём Новиков өкмөт бардык сунуштарын кабыл алууга даяр экенин айтты.
Айта кетсек, буга чейин 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Төрөбаев жаңы вице-премьер Санжар Муканбетовдон иш бөлмөсүндө көп отура бербөөнү суранган.