Кыргыз дыйкандарына банктан насыя алуу үчүн дыйканчылыктын түшүмүн кепилдикке коюуга жол берүү сунушталды

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз дыйкандарына насыя алуу үчүн дыйканчылыктын түшүмүн кепилдикке коюуга жол берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө мыйзамга экономика министри Артём Новиков баяндама жасады.

Анын пикиринде, фермерлер түшүмдөрүн кампага сактоо үчүн тапшырып, анын эсебинен банктан насыя алууга жол берилет.

"Бүгүнкү күндө дыйкандар өндүргөн айыл чарба түшүмдөрүн дароо сатууга мажбур болуп жатышат. Андыктан сунушталган мыйзам долбоору менен кампалар боюнча шарттар түзүлөт. Дыйкан өндүргөн өнүмдөрүн сактап, баасы чыкканда сатуусуна көмөк болот", - деди Новиков.

Министрдин айтымында, дыйкандардын түшүмү жайгаша турган ар бир кампа күбөлүк алуусу шарт. Ал күбөлүктүн негизинде дыйкандар азык-түлүктөрүн сактап, кепилдикке коюп, банктардан насыя алууга шарт түзүлөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан