Улуттук банк коммерциялык банктарды кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштады

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Улуттук банктын коммерциялык банктарды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушун карап жатышат.

Ага ылайык, коммерциялык банктар сырттан банкоматтык жабдыктарын импорттоп алып келүүдө 2022-жылдын 31-декабрына чейин салыктан бошотулат. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул мыйзам айыл аймактарга банкоматтарды жеткирүүгө шарт түзө турганын билдирди.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров коммерциялык багыттагы банктарга жеңилдик берүүнүн зарылчылыгы жоктугун айтты.

"Банктар мындай жеңилдикти 5 жыл мурун алган. Ошондо банкоматтарды айылга чейин алып барабыз деп убада беришкен. Бир дагы айылга банкомат барган жок. Кепилдик аткарылган жок", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан