26-январь күнү Бишкекте Акыйкатчы институтунун “Жарандардын ичүүчү таза сууга жана санитарияга жетүү укугу” темасындагы атайын даярдаган доклады талкууланат. Талкууга акыйкатчы Кубат Оторбаев, өкмөт өкүлдөрү катышат.
Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган докладда өлкөдөгү ичүүчү таза суу жана анын санитардык абалы жөнүндө кенен маалыматтар камтылып, мамлекеттик органдарга сунуштар берилген.
Докладдагы изилдөөлөр жана сунуштар жарандардын таза суу менен камсыз болуудагы укуктардын бузулушун коргоого багытталган. Доклад аталган курч маселеге мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдуруу үчүн гана эмес, системдүү жана ырааттуу чечилиши үчүн даярдалган. Кыргыз мамлекети Орто Азия аймагындагы суу ресурстарына бай өлкөлөрдүн ичине киргендигине карабастан, азыркы учурда болжол менен 1 миллион калк ичүүчү таза суу менен камсыз болгон эмес.
Доклад байкоолордун жана бардык аймактардагы жашоочуларга жүргүзүлгөн жеке сурамжылоолордун жыйынтыгында даярдалды.