"Электрондук капчык боюнча жаңы эрежелерди ишке ашырабыз", - деди Жогорку Кеңештин жыйынында улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Ал учурда бул маселенин үстүндө иштер жүрүп жатканын айтты.
"Каржы рыногунун эрежелери бар. Баары ага ылайык иш алып барат. Электрондук капчык деген нерсе аябай кеңейип жатат. Биз, Улуттук банк жумушчу топ түзгөнбүз. Ал топ анализ жасап бир келишимге келген. Ал вариант бир жума мурун коомдук талкууга чыкты. Учурда бул процесс өтүп жатат. Мен уюлдук компаниялардын жетекчилери, банктар менен жолугуп көз караштарын уктум. Баарыбыз чогулуп кеңешме жыйын өткөрдүк. Эми 30 күндүн ичинде карап чыгабыз.
Кыргыз өлкөсү банктык төлөмдөр боюнча күмүш тизмеде. Улуттук банкты тынчсыздандырганы абдан кооптуу жагы: катталбаган төлөмдөр өтүп калса террорчу же бир алдамчылык менен алектенген адам операция жасап, ал аныктала турган болсо, бул бүтүндөй өлкөгө таасирин тийгизет. Азыр бул тема талкуудан өтүп жатат. Биз анын натыйжасында бир келишимге келип, жаңы эрежелерди ишке ашырабыз", - деди Абдыгулов.