Депутат Ак Үйдүн алдына митингге чыккандардын маселесин угууну сунуштады

Бүгүн, 24-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Ак Үйдүн алдында митингге чыккандардын маселесин угууну сунуштады.

"Эшикте абдан катуу суук болуп жатат. Бирок ушул суукка карабастан эшикте 100дөн ашуун адам турат. Урматтуу төрага, сиз өзүңүз чыгасызбы же алардын өкүлдөрүн кабыл аласызбы?" - деп Икрамов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго кайрылды.

Дастанбек Жумабеков депутаттын сунушун эске аларын билдирди.

Бүгүн Ак Үйдүн алдына "Трансформация" кыймылы митингге чыкты. Алардын талабы Чүй облусундагы 20 миңге жакын үй курулган жерлерди трансформациялоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2018-01-24 15:52:18
Баскынчылар.
+1
oroskulov1988
2018-01-24 16:03:04
RusMos76,сатып алгандар
+1
RaHat19
2018-01-24 19:28:15
мен да жакында воено антоновкадан жер сатып алгам бирок уй салайын десем колумда доверность эле болуп жатат.кызыл китеп бере элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан