Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө министрликке улам маалымат берип турууну буйрук кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-январдан тарта өлкөдө күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарына тапшырмалар жөнөтүлдү.
Ошондой эле маалыматта Санитардык-эпидемиологиялык департаменттен тиешелүү жазма буйрук келсе министрлик окуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл аларын белгилешкен.
"Бала бакчаларда жана мектептерде класстын ичиндеги абанын температурасы +18 градустан төмөн эмес, +22 градустан жогору болбоосу керек. Эгерде абанын температурасы төмөндөп, ооруган окуучулардын саламаттыгына кооптуу абал жаратса мектептер убактылуу жабылат. Ал эми окуучулардын 30 пайыздан көбү ооруп сабакка келбей жатса, карантин жарыяласа болот", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөй турганын, айрым тоолуу аймактарда -30 градус боло тургандыгын эскерткен.