Депутат өлкөдө кошумча нарк салыгын жокко чыгарууну сунуштады

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов өлкөдө кошумча нарк салыгын жокко чыгарууну сунуштады. Эл өкүлү мындай пикирин Улуттук банктын коммерциялык банктарды кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча сунушуна ылайык мыйзам талкууланып жатканда айтты.

"Өкмөт бюджетке киреше алып келбей турган мыйзам долбоорлорун сунуштайт. Келгиле, анда такыр эле КНС салыгын жокко чыгарып салалы. Эмне үчүн биз коммерциялык банктарга салык төлөөдөн кутулуп кетүүсүнө шарт түзүп берип жатабыз?" - деди Жамалдинов.

Экономика министри Артём Новиков кошумча нарк салыгын такыр алып салуу мүмкүн эместигин айтып, салык бюджеттин негизги булагы экенин билдирди.

Улуттук банк 2022-жылдын 31-декабрына чейин коммерциялык банктарга жабдыктарды сатып алууда кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштаган болчу. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов буга чейин банктарга берилген жеңилдиктерден улам салык аркылуу түшө турган 145 миллион сом бюджетке түшпөй калганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан