"Соттор бүгүнкү күндө бирөөнүн буйругун аткарып, саясий кызматкерлерди жоопко тартып жатат", - деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев. Эл өкүлү мындай пикирин парламентте сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө бара жаткан талапкерлерге айтты.
"Соттор түшүнүксүз бир маалыматтардын негизинде мөөнөттөрдү берип камап жатат. Саясий күрөштө бул мүмкүн эмес. Бирок бул турмушта болуп жатат. Силердин ошондой фактыларды токтотууга эркиңер жетеби? Ушундай учурларды токтото аласыңарбы?" - деди Масалиев.
Сотторду тандоо кеңешине талапкерлер мыйзамсыз аракеттерге каршы тура аларын айтышты.