Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңеш сотторду тандоо кеңешинин тартип комиссиясынын 3 мүчөсүн бекитти. Сотторду тандоо кеңешинин комиссиясына мүчө болууга төрт талапкер ат салышкан. Электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы менен талапкерлердин ичинен эл өкүлдөрүнүн колдоосун алган үч талапкер тандалды.
Добуш берүү учурунда талапкер Салтанат Муратбековага 111 депутат "макул", 1 депутат "каршы" добуш берди.
Дагы бир талапкер Базарбай уулу Эрлан 110 депутаттын "макул" деген добушун алып, ага "каршы" добуш бергендер болгон жок.
Депутаттардын элегинен өткөн кийинки талапкер Тыныбек Бекешовго 110 "макул", 1 "каршы" добуш берилди.
Ал эми дагы бир талапкер Акылбек Абдыкадыровго 21 депутат "макул" болсо, 71 депутат "каршы" добуш берди.