Токтогулда алтын кен казган ишкана иштетип жатып техникасы менен тоодон кулап каза болгон Жылдызбек Сейитбековдун иши Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан иликтенип жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин Тоо-кен көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору Азат Раимбердиев билдирди.
"Бул иш боюнча 5 адамдан турган комиссия түзүлгөн, анын төрагасы менмин. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, анын негизинде бул кырсыкка кимдин канча күнөөсү бар аныкталат. Ошого жараша жыйынтык чыгарып беребиз. Каза болгон адамдын туугандары айтып жаткандай погрузчик эски, жараксыз техника эмес, 2014-жылы чыгарылган жаңы техника болгон, бирок дөңгөлөктөрү чындап эле жешилип калган", - дейт Раимбердиев.
Андан сырткары ал маркум менен фирманын ортосунда кагаз жүзүндө түзүлгөн келишим жок экенин, анын үй-бүлөсүнө канча суммада компенсация төлөп берери иликтөөнүн натыйжасы менен белгилүү боло турганын айтты.
"Эгер кызматкер менен фирманын ортосунда документ түрүндө келишим болсо, ошондой эле кызматкердин каза болуп калуусуна толук фирма күнөөлүү болсо анда кызматкердин айлык акысын толук түрдө үй-бүлөсүнө 20 жыл бою төлөп берип турат. Бирок бул жерде кагаз түрүндө келишим жок экен, бирок Жылдызбек Сейитбековдун эртең менен жумушка чыккандагы жана кетип жатып кол коюп жүргөн журнал бар экен. Иликтөө аягына чыкса ким тарабынан канча күнөө кетирилгендиги аныкталып ошого жараша фирма тарабынан компенсация төлөнүп берилет", - дейт Азат Раимбердиев.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына Жылдызбек Сейитбековдун жубайы Таттыбү Жандар кызы күйөөсү алтын кенде иштеп жатып техникасы менен тоодон кулап каза болгонун, фирма аларга компенсация төлөбөй жатканын айтып кайрылган.