Өкмөт ишмердүүлүк үчүн лицензиялардын, уруксат берүүнүн санын кыскартууну сунуштады

Өкмөт ишмердүүлүк үчүн лицензиялардын, уруксат берүүнүн санын кыскартууну сунуштады. Мыйзамды бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар карады. Экономика министри Артём Новиков мыйзам долбоору экономикалык лицензиялоону жакшыртууга багытталганын белгиледи.

"Биз лицензиялардын жана уруксат берүүнүн санын кыскартууну сунуштап жатабыз. Мындай кадам ишкерлер үчүн ыӊгайлуу болот, экономикалык жактан да натыйжа берет деген ойдобуз", - деди Новиков.

Мыйзам долбоорунда лицензиялардын түрлөрү жумуш, кызмат көрсөтүү, аракеттер жана операциялар деп бөлүнө турганы айтылды. Мындан тышкары лицензиялык төлөмдөр жоюлуп, лицензия берүүнүн автоматташтырылган тутуму ишке киргизилери белгилүү болду.

Мыйзамга ылайык, лицензиялануучу иштин 66 түрүн 61ге чейин, уруксаттардын 33 түрүн 26га чейин кыскартуу сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан