Айыл чарба кооперативдерин кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталды

Айыл чарба кооперативдерин кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталды. Мындай мыйзам долбоорун бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында экономика министри Артём Новиков алып чыкты. Өкмөт мүчөсү учурда айыл чарба кооперативдери колдоого муктаж экенин айтты.

"Экспорт приоритеттүү багыттардын бири. Бирок бул товар көлөмүнө жараша чектелүүдө. Ошондуктан бардык дыйкандарды айыл чарба кооперативдерине биригүүгө чакырып жатабыз", - деди Новиков.

Новиков муну менен айыл чарба кооперативдерин киреше салыгынан бошотууну, айыл чарба азык-түлүктөрүн импорттоодо кошумча нарк салыктарынан бошотууну демилгеледи.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров демилгечилерге айыл чарба кооперативине так аныктама берүүдө алардын 20,5 гектар жери болушу керектиги сыяктуу критерийлерди эске алууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан