Чүй облусунун тургуну: "Үй салып алган жерлерибиз трансформация болбой, көйгөйдү акча менен чечүүгө аргасыз болуудабыз"

Бүгүн, 24-январда Аламүдүн жана Сокулук районунда 20 миңдей үй курулган жерлерди трансформациялоо талабы менен аталган эки райондун тургундары кайрадан Ак Үйдүн алдына митингге чыгышты. Алардын бири Арзыкан Кубатаева трансформациялоо маселеси чечилбегендиктен тургундар көйгөйлөрдү акча менен чечүүгө аргасыз болуп жатышканын айтты.

"Трансформациялоо маселеси бир канча жылдан бери чечилбегендиктен эл өтө кыйын абалда жашап жатат. Салган үйүбүз "үй" деген гана аты болбосо, балдарыбызды бала бакчага, мектепке бере албайбыз, насыя ала албай кыйналып жатабыз. Жакында эле неберемди ооруканага каттоого тургузам деп 3-4 айылды кыдырдым. Эч ким каттоого албай койгондо акыры бирине тыйын берип жатып көйгөйүмдү чечтим. Мен аргасыздан ушундай жолго бардым. Коррупциянын баары ушундай көйгөйлөрдөн улам пайда болуп жатат. Андан сырткары суу киргизели десек ага өкмөт уруксат бербейт. Свет киргизүү да чоң көйгөй. Трансформация бүтсө, бул маселелер чечилмек.

Биз өкмөттөн бир тыйын сураган жокпуз. Болгону жерлерди трансформациялоону чечип бергиле деп жатабыз. Бирок чечилчү маселе өкмөт жана Жогорку Кеңештеги айрым адамдардын кызыкчылыгынан улам токтоп турат", - деди Кубатаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
General.kg
2018-01-24 20:58:18
Жерлерге уруксааты жок эле үй салып алсаңар туура эмес да. Антип догурунбай сүрүлүп салынбаганына шүгүр дегиле.

Силердин деле үйлөрүңөрдү тартып алып мыйзамдаштырып бергиле деп митинге чыксак болмок беле!
0
gul3ina
2018-01-24 21:15:06
Эл ал жерледи сатып алып салган да басып алган эмес.Доверенность деген документ бар
0
General.kg
2018-01-24 21:51:14
gul3ina, бирок үй салууга уруксат жок салбаш керек эле да.
0
gul3ina
2018-01-26 12:13:50
General.kg,Уруксат бар учун салып жатышат да.Окмоттогулор жыргап жашасын а карапайым калк эле кыйналыш керекби?Уйу жок,жайы жок жургондор канча?Салат да салып жашай беришсин.Окмоттун чонтогунон кеткен жок акча
0
taku1414
2018-01-24 22:12:32
Окмотко трансформация болбогону ынгайлуу. Мектеп болница салып баш ооруткусу келбейт. Бюджеттен элге акча коротпой оз чонтокторун толтурушат
+1
Atas
2018-01-25 00:26:35
Кыргыз окмоту
Кыргыз жарандарга ( карапаыйм )адамдарга жер болдуруп берсе жакшы болмок бекер болбосо да арзандатып азыр млндогон адамдар жери жок уй сала албай журот , а акча алып анан ( пара ) менен жасап бергендерди омур бою мамлекеттик кызматтарга жолотпош керек. Уйронгон адат калабы деген макал бар
0
admin_superstan
2018-01-25 13:01:20
Stels, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан