Талас шаардык мэриясы жол эрежелерин бузгандарды аныктоо үчүн фото-видеокөзөмөл жабдыктарын сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Бул үчүн 10 миллион сом коротулары көрсөтүлгөн. Сатып алуу тууралуу жарыя 23-январда жайгаштырылган. Автоматтык түрдө жол кыймылын жаздырып турган 2 даана фото-видеокөзөмөл жабдыктары Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолуна орнотулат.