"Аймактарды өнүктүрүү жылы" боюнча жарлыктын аткарылышы талкууланды

Кечээ, 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда "Аймактарды өнүктүрүү жылы" боюнча жарлыктын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жана колдоо маселеси талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков жарлыкты жүзөгө ашыруу максатында коомчулуктун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча пикирлерин талдап чыгуу зарыл экенин белгиледи.

"Мыйзамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өркүндөтүлүшү керек", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү боюнча ишти улантууга чакырды.

Бахтияр Салиев агенттиктин жамааты жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзөрүн белгиледи. Ал жергиликтүү коомчулуктар жарлыкты жана өлкөнүн аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгени колдоп жатышканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан