Парламентте Бишкек шаарындагы мектептерди автобус менен камсыз кылуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте кээ бир мектептерде окуучулар үч нөөмөт менен окушат.
"Мен буга чейин бул маселени көтөрүп келгем. Бишкек шаарынын мэриясы буга көңүл буруусу керек. Аба ырайы дагы суук болуп жатат", - деди депутат.
Эске салсак, депутат буга чейин аталган маселени көтөрүп келген.