Дайыр Кенекеев: "Республика боюнча 650 айылда таза суу боюнча көйгөй бар"

Республика боюнча 650 айылда таза суу боюнча көйгөй бар. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.

Анын айтымында, быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилиши күтүлүүдө.

"Өлкөнүн 650 айылында суу түтүктөрүн куруу маселеси турат. Жүзөгө ашыруу үчүн 432 миллион доллар каражат керектелет. 2000-жылы өкмөт Азия өнүктүрүү банк, Дүйнөлүк банк менен жалпы суммасы 69 миллион доллар насыя, грант алуу боюнча макулдашууга кол койгон. Ишке ашыруу жыйынтыгында 2001-2009-жылы 509 айылга суу түтүктөрү курулган. 2009-2014-жылдары 21 миллион долларга 39 айылга суу түтүктөрү курулган. Өкмөт 2020-жылга чейин өнүгүү стратегиясын кабыл алды. Таза суу менен камсыз кылуу "Жаңы доорго кырк кадам" программасында орун алган. Калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда. Өткөн жылы бул багытта 250 миллион сом көлөмүндө каражат бөлүндү. Быйыл дагы 250 миллион сом каралган", - дейт вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан