"Айылдарда таза суу жок. Бишкек шаарында болсо жарандар таза суу менен автоунааларын жууп жатат", - деди бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев.
Ал билдиргендей айрым жарандар таза суу менен огороддорун суугарып жатат. "Бул боюнча өкмөт чара көрүшү керек. Кандай иштер жүргүзүлүп жатат?", - деп сурады депутат.
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инпекциясынын директору Канат Муратбеков айтымында, аталган инспекция Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте иш алып барып жатат.
"Мэрия менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Унаа жуучу жайлар жабылып жатат. Айып пулдар салынууда", - деди Муратбеков.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев депутаттын айткан сунуштары эске алына турганын билдирди.
Учурда парламентте калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүк саат өтүп жатат.