Жакынкы 2 жыл ичинде Баткендеги 61 айыл, Таластагы 31 айыл таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Аскарбек Токтошев билдирди.
"Кадамжай районунун 29 айылын таза суу программасына киргизгенбиз. Бул Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашканы турат. Жалпы Баткен облусунун аймагындагы таза сууга муктаж болуп жаткан 61 айыл аймагы, Таластан 31 айыл программага кирген. Аталган аймактарда таза суу маселесин чечүү үчүн быйыл иш кагаздарын бүтүрөбүз. Ал эми 2019-2020-жылдары бул ишке ашат. Өткөн жылы 12 айылга таза суу кирген. Быйыл да мамлекеттин бюджетинен 12 айылга таза суу кирет", - деди Токтошев.