Бишкектин тургундары "Тазалык" муниципалдык кызматынын жумушчулары үчүн салтка айланып бара жаткан "Чай ичип жылын" акциясын улантышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, "Тазалыктын" жумушчуларынын сууктагы оор жумушуна кайдыгер карабаган шаардын айрым жашоочулары таң эрте калааны таштанды, муздан тазалап жүргөндөргө ысык чай, кофе, бутерброддорду алып келип беришкен.
"Бул акцияга Бишкекте жашаган каалаган тургундар кошулса болот. Бүгүн таңдан тартып шаардагы Биринчи Май районунда 151 көчө шыпыргыч, 26 таштанды ташуучу жана жол оңдогон 10 жумушчу иштеп жатат. Аталган райондун кызматкерлерине 11 техника берилген, Октябрь районунда 106 көчө шыпыргыч, 23 таштанды ташуучу, жол оңдогон 7 жумушчу 10 техника менен иштеп жатат. Ленин району менен Свердлов районунда 164 көчө шыпыргыч, 56 жүк ташуучу жумушчулар, 17 жол оңдоочулар 23 техника менен иш жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шаардык мэрия жумушчулар азыркы тапта да калааны тазалоо иштерин улантып жатканын белгилеп, акцияга катышкандарга ыраазычылык билдирген.