Өкмөт Өзгөндө кырсыктан жабыркагандарга көрсөтүлгөн жардам жана берилген акча тууралуу айтып берди

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында таза суу жана Өзгөндөгү катталган кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүк саат өтүүдө. Анда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 2017-жылдагы Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркагандарга көрсөтүлгөн жардам тууралуу маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө Өзгөн районундагы өзгөчө кырдаалдар орун алган кооптуу аймактардан калкты коопсуз аймактарга көчүрүү максатында жалпы 216 гектар жер трансформацияланып, 751 үй-бүлөгө жер тилкелери берилген. 273 турак жайдын курулушу башталып, 72 үй-бүлө үйлөрүнө киришти. Бул аймактарда өзгөчө кырдаалдан жабыркагандарга социалдык объектилерди калыбына келтирүү үчүн 324 миллион сом бөлүнүп берилди. Андан 5 мектепке 200 миллион сом, таза суу менен камсыз кылууга 90 миллион сом, электр энергиясы менен камсыз кылууга 32 миллион сом, айылдардын башкы пландарын иштеп чыгууга үч миллион сом бөлүндү", - деди Кенекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан