"Мамлекеттин акчасын тоноп, ичип, жеп, 70 миллион долларды чачып жиберип, азыр эч ким күнөөсү жок болуп отурат", - деди бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров. Учурда таза суу маселесине арналган өкмөттүк саат өтүүдө.
Максат Сабиров: "Каржы министрлиги убагында насыяга алынган акча кайтарылып жатканын айтып жатат. Мамлекеттин насыя акчасын тоноп, ичип, жеп алдык. Азыр мамлекет кайра кайтарып жатат. 30 пайыз мектеп, бала бакчаларда таза суу жок. Таза суу деп чыгарылган суунун сапаты таза болбой жатат.
Баарын жыйынтыктап караганда мамлекеттик көз караш болбой жатат. Бардыгында күнөө бар, бирок ким жооп берерин эч ким билбейт. Ар бир иште кемчилик, анда эмне үчүн өкмөттүн өкүлдөрү иштеп жатат? Таза сууга деп 70 миллион долларды чачып жиберип, азыр эч ким күнөөсү жок болуп отурат. Чыккан суунун 30 пайызы лабораториядан таза суу эмес деп чыгып жатса, карагыла, акчалар кайда кетип жатканын, ал үчүн жооп бериш керек да", - деп вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге кайрылды.
Сабировго чейин депутат Жанар Акаев 2001-2014-жылдары Кыргыз өлкөсү таза суу үчүн 100 миллион долларга жакын каражат насыя жана жардамдарды алганын, бирок андан натыйжалуу жумуштар аткарылбаганын билдирген. Депутат Таалайбек Масабиров Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагындагы 5 айылга 32 миллион сом коротулуп, 2008-жылы үч ай иштеп, таза суу кайра чыкпай калганын айткан.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөт таза суу маселесине арналган "өкмөттүк саат" өттү.