Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарына Казакстандын аймагындагы катуу суукка байланыштуу ал өлкөгө унаа менен чыкпай турууну кеңеш берет. Бул тууралуу аталган мекеме жарыялаганын чет элдик маалымат булактары жазууда.
"Казакстандын бир катар райондорунда аба ырайы кескин төмөндөп, катуу суук жүрүп жатат. Буга байланыштуу күн бир аз жылыганга чейин жарандарга аталган өлкөгө унаа менен барбай туруусун сунуштайбыз", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.
Ошол эле убакта "Казакгидромет" өлкөнүн айрым облустарында аба ырайы -45 градуска чейин суук болорун эскертүүдө. 23-январдан 26-январга чейин Алматыда абанын температурасы -40 градуска чейин төмөндөй тургандыгы маалымдалган.
Буга чейин Казакстанда ичинде Кыргыз жарандары бар автобус тоңуп калгандыгы жазылган. Ага удаа эле аталган өлкөдө дагы бир автобустун тоңуп калгандыгы, анда Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушканы маалымдалды.