Боронов: "Өзгөндө көчкү болгон аймактан адамдар көчүп чыкпай жатат"

"Өзгөндө көчкү болгон аймактан адамдар көчүп чыкпай жатат" деди бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Министр өткөн жылы көчкү катталып, чоң коркунуч жаралган аймакта эл коопсуз аймакка көчпөй жатканын айтты.

"Ничке-Сайда былтыр бир үйдү көчкү басып калган, айыл үстүндө коркунучтуу жер бар. Бирок эл толук көчүп чыга элек. Өткөн жылы 30дан ашык үй-бүлөнү убактылуу көчүрүп чыкканбыз. Кийин башка жактан жер бөлүнгөн. Бирок алар өз айылына кайрадан барып, ошол боюнча көчүп чыга элек. Өткөн жылы кандай абал болсо, ошондогудай коркунуч бүгүн да Ничке-Сайда сакталып турат. Элдин көчпөй жатканынын биринчи себеби шарттар канааттандырбайт. Мурункудай жер иштетүүгө шарты болбойт. Экинчиден, жайыты туура келбейт. Менимче, элге берилген жерлер жакпай жатат", - деди Боронов.

Эскерте кетсек, 26-мартта таңга жуук Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, бир турак жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ziash85
2018-01-25 15:14:33
Сузак районунун ачы өрөөнүнө да барып кабар алып койбойсуздарбы?жер көчкү коркунучу бар же жоктугун аныктап.жаңы жаракалар пайда болгондур
+1
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-25 15:16:37
Элге жакшы шарт тузуп бериш керек да талаада эле уй салып ушу жерге жашагыла деп койбой. Адамга суу керек мал бакканга жер керек
+1
Tyty1990
2018-01-25 17:41:08
Качан кочку басканда эскертип койбойт беленер деп окмотко асылышат. Кочо электе айтса жактырышпайт. Элге не жагат озу тушунбойм
+1
Nevestkaa
2018-01-25 21:29:24
Ушунча көчкү да бизге сабак болбоптур да,участок бергени деле чоң жардам го мамлекеттин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан