"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү: "Мурат Мурзаакимовдун билим берүү тармагы боюнча айткандары чындыкка дал келбейт"
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Өлмөскан Атабекова атындагы №30-гимназия мектебинин тарых мугалими Мурат Мурзаакимовдун билим берүү тармагы боюнча айткан маалыматтары чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматты бүгүн, 25-январда Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын жообунда:
" 1. Мугалимдердин айлык акысы Мурат Мурзаакимов айткандай 3-4 миң сом эмес, орточо айлык акы район боюнча 11 миң 249 сомду түзөт.
2. Район боюнча бир класста окуган окуучулардын орточо саны ОШ-1 отчёту боюнча, 23,9ду түзөт. Бардык мектептерде окуучулар үчүн парта, отургучтар жетиштүү. Туруп сабак окуган бир да бала жок.
3. Райондогу 65 мектептин көпчүлүк директорлору эмес, 7 гана директор пенсия жашында.
4. Мектептердин эмгек жамааттары менен сурамжылоо жүргүздүм деген, бирок өзү эле мугалимдердин атынан маалымат жазып жиберген.
5. Мугалимдердин эмгек акысы 10 жылдан бери көтөрүлбөй келе жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт. 2011-жылдын 19-январындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен мугалимдердин эмгек акысы жогорулаган.
6. Быйылкы окуу жылында мектептерге 39 жаш адистер жумушка кабыл алынган. Жаш адистер бардыгы өз үйлөрүндө жашап, иштеп жатышат. Токсонго жакын жаш адистер турак жай алуу үчүн ипотекалык насыяга документ тапшырышып, экөөнөн башкасынын турак жайлары бар болуп чыккандыктан 2 гана жаш мугалим турак жай алышты", - деп жазылат.
Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына Базар-Коргон районундагы Өлмөскан Атабекова атындагы №30-орто мектептин тарых сабагынын мугалими Муратбек Мурзаакимов билдирүү жолдогон. Анда ал өз ыктыяры менен райондогу мектептерди кыдырып, мугалимдердин мүдөөсүн угуп чыкканын, чогулган ой-пикирлерди, талаптарды тизмектеп жазганын кабарлаган.