Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайдын башчысы болуп Кадырбек Эргешов дайындалды

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайдын башчысы болуп Кадырбек Эргешов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайын бир жылдай Жеңишбек Кызалаков жетектеген.

Эргешов буга чейин Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр күрөш мектебинин директору кызматында иштеген.

Кадырбек Эргешов 1957-жылы 25-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата айылында төрөлгөн.

1976-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып аны 1980-жылы аяктаган.

  • 1980-1981-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда машыктыруучу-мугалим;
  • 1981-1982-жылдары аскердик кызматын өтөгөн,
  • 1982-1983-жылдары Кыргыз ССРнин Спорт комитетинин башкы машыктыруучусу;
  • 1983-1988-жылдары Республикалык спорт чеберчилигинин жогорку мектебинин башчысынын орун басары;
  • 1988-1989-жылдары "Ден соолук" жаштар борборунун башчысы;
  • 1989-1992-жылдары Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр күрөш мектебинин директору;
  • 1993-1999-жылдары Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын директору;
  • 2001-2002-жылдары Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр күрөш мектебинин директору;
  • 2002-жылы Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын орун басары;
  • 2003-2014-жылдары "Башкы арена" жеке менчик ишканасынын жетекчиси;
  • 2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору4;
  • 2015-2018-жылдары Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр күрөш мектебинин директору.

Үй-бүлөлүү 2 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан