Кенекеев: "Көчкү коркунучунда жашагандарды коопсуз жакка көчүрүү үчүн урушуп, мушташканга чейин жетип жатабыз"

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өткөн жылы Өзгөн районундагы жер көчкүлөрдүн кесепеттерин жоюудагы өкмөттүн аткарган иштери боюнча маалымат берилип жатат. Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев көчкү коркунучунда адамдар бүгүн да жашап, аларды көчүрүү боюнча аракеттерден майнап чыкпай жатканын айтты.

"Эми жашоочуларды барып колуна кишен салып эле сүйрөп чыгып көчүрбөсөк, башка айла болбой жатат. Сот аркылуу да чечилип жатат. Өзүнүн малынын, бала-чакасынын да убалына калган кишилер бар. Ошону түшүндүрүп элге жеткире албай койдук. "Менин өмүрүм, менин үй-бүлөм, өзүм билем" дегенге жетип, урушуп, мушташканга чейин жетип жатабыз. Бирок иш жүрүп жатат", - деди Кенекеев.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өз өмүрүн, үй-бүлөсүн тобокелге салып, кооптуу аймактан көчүп чыгууга макул болбогон жарандардын жоопкерчилигин кароону сунуштап жатканын айтты.

"Биз Жогорку Кеңешке мыйзам сунуштап жатабыз. Анда өзүнүн, үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч келтирип кооптуу аймактан көчүп чыкпаган жарандарга жоопкерчилик каралган", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurmat92
2018-01-25 17:04:25
Кызык эле кишилер бар мурункусунда да көчүп кеткиле деп 1995-жылдан бери эскертишиптир укпай коюшуп көптөгө элибизди жер көчкү басып калган эле эми дагы укпай жатышат. Бирок өкмөткө ишенич жок эч нерсесин даярдап берип көч дебей эле барып эле көчүп кет дей берет. Анан үйүн таштап талаалап эчким жүргүсү келбейт да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан