ТИМ: "Казакстанда суукта жолдо калган кичи автобустун ичиндеги Кыргыз жарандарынын абалы жакшы. Убактылуу чектөө алынган соң жолун улашат"

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда жолдо калган кичи автобус боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө кичи автобустун ичиндеги Кыргыз жарандарынын баарынын абалы жакшы экенин жана жол ачылса жолун улаары айтылган.

"Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, окуя 24-январь күнү Алматы-Екатеринбург жолунун 114-чакырымында болгон. Анда Кыргыз жеринен Москвага бараткан кичи автобус бузулуп калган. Ичиндеги 21 Кыргыз жараны жылынуучу жайга жеткирилген. Алардын баарынын ден соолугу жакшы. Учурда кичи автобусту оңдоо иштери жүрүп жатат. Аталган багытта автобустардын жүрүүсүнө коюлган убактылуу чектөө алынган соң алар жолун улашат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Казакстанда суукка байланыштуу дизель менен жүргөн унааларга жана автобустарга убактылуу чектөө киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2018-01-25 15:49:30
Аман эсен жетип алгыла бир тууганчиктер!!!!
+1
Rasul94
2018-01-25 19:31:15
озу бизге дагы сооп жок да.телевизордон аба ырайын кайра кайра айтып турса дагы укпайбыз.дагы шугур ээн талаа болсо эмне болот эленер.аман болгула мекендештерим
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан