2003-жылы Кадамжайда табият кырсыгынан жабыркагандарга берилген 200 миң сом насыяны кечирүү сунушталды

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев 2003-жылы табият кырсыгынан жабыркагандарга берилген 200 миң сом өлчөмүндөгү насыяны кечирип жиберүүнү сунуштады.

"2003-жылы Кадамжайда табият кырсыгы болуп көптөгөн үйлөрдү алып кеткен болчу. Ошондо ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон 10 жылдык мөөнөт менен насыя берилген. Билинбей тез эле 10 жыл өтүп кетиптир. Бүгүн аларды кууп, акчасын төлөтө албай жатышат. Эгерде ошол акчаларды кечирүүнүн жолу болсо, ошол жол менен барсак", - деди Масалиев.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев бул каражат кандай шартта берилгенин айтып, каражатты кайтаруу мөөнөтү аягына чыга электигин белгиледи.

"Анда берилген 50 миң сом кайтарымсыз болгон. Ал эми 200 миң болсо кайтарымы менен 20 жылга чейин берилет экен. Азыркыга чейин бир да кайтарым боло элек. 20 жыл өткөндөн кийин бул маселени карайбыз", - деди Кенекеев.

Депутат Масалиев 20 жылдык мөөнөт аяктаганга чейин эле жакын арада бул маселеге кайрылууну сунуштады.

"Көчмөндөр оюнуна деле биз 2 миллиард сом сарптап жатабыз. Биздин жарандар ал акчаны той өткөргөнү алышкан жок. Акчаны алган күндө деле аны кайтара турган жарандардын шарты болгон жок. Демек, ошол акчаны табуу кыйын болууда. Эсептеп көргүлө. Оор келбесе ошол акчаны кыскартып салсак деген сунуш берип жатам. Бул табигый кырсык. Мен ойлоп жатам, депутаттар деле каршы болбойт. Өкмөткө мен сунуш кылам, акчаны кайтара албайсыңар, үйүн тартып ала албайсыңар, анын келечеги жок", - деди Масалиев.

Кенекеев бул маселени карап чыгууга убада берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан