Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жумуштарын жүргүзбөгөн район, облус жетекчилерин жумуштан кетирүүгө сунуш берүү укугун пайдаланууну сунуштады.
"Сизде жарандык коргонуу боюнча мыйзамдын негизинде жетиштүү иш алып барбаган район, облус жетекчисин жумуштан алууга сунуш берүү укугу бар. Сиз бул укукту колдонуңуз. Февраль айынан тартып өзгөчө кырдаалдар жарала баштайт. Чүй облусунун аймагында суунун деңгээли көтөрүлүп жатат. Жаз жакындаган сайын коркунучтар көбөйөт", - деди Төрөбаев.