Кара-Сууда мугалимдер чырдаша кетип, иши милицияга жетти

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Ачы айылындагы Шамырбеков атындагы №52-орто мектебинин мугалимдеринин ортосунда чыр чыгып, иш милицияга чейин жеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзабек Акматалиев билдирди.

Акматалиевдин айтымында, өз ара чатакташкандардын бири мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, дагы бири химия-биология мугалими.

"Эми мушташкан десек аша чапкан болобуз, жөөлөшүп, түртүшүп кетишкен да. Андан кийин анын бири кан басымымды көтөрүп жибердиң деп милицияга арыз жазган. Биз да кабардар болуп директоруна дайындап, өз ара ымалага келип абалды жөнгө салгыла дегенбиз. Бул окуя декабрда болгон, бирок ошондон бери бири-биринен кечирим сурабай, жагдайды оңдоп кете алышкан жок. Андан кийин өзүм аталган мектепке барып чогулуш өткөрдүм. Жыйынтыгында арыз жазган мугалим тосмо арыз жазып берип, учурда иштеп жатышат. Бирок баарына тиешелүү чаралар көрүлдү. Мектеп директору кызмат ордунан бошотулду, атайын башка айылдан мугалим алып келип, директор кылып дайындадык. Айыл эли өзү башка айылдан директор келсин деп өтүнүштү. Мындан сырткары жаңжалга катышкан окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары да кызмат ордунан алынды. Химия мугалимине сөгүш берилди. Ал мектепте 2 жыл гана иштеген, эгер кайрадан эреже бузса иш орду каралат. Директор менен орун басары мугалим болуп эле иштешет", - дейт Акматалиев.

Ошондой эле ал мугалимдердин чыры отургуч талашуудан келип чыкканын, аталган билимканада буга чейин да чагымчылдыктар болуп келгенин кошумчалады. Бирок мектептин администрациясындагылар алмаштырылгандан кийин андагы абал өзгөрөт деп ишенип жатканын айтты.

Айта кетсек, аталган мектепте 259 окуучу билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aman0296
2018-01-25 17:32:57
Деректордо эмне куно? Дагы бир пара берген аялды деректор кылып коюшту да!
+4
Nevestkaa
2018-01-25 19:28:37
Өтө эле честный соттор го,директордо эмне күнөө эки жинди урушса.Директордун орду эле керек болгон окшойт ,2жыл иштеп урушканга жарап калса шумдук экен .Аялдар окшойт го урушканына караганда.
+1
Azatbek83
2018-01-25 20:08:06
Туура эле директор кунолуу болот!Контроль жок болгон .Депутат министр болсун эле согуш жарыялап иштей бергиле дешет.Согушу акмак десе андай кылба же чык эшике кийин артынан кечирип кой жиним келип кетти иштей бер деп койушат!
0
Asat17
2018-01-25 21:26:08
Стол талашып дейт го. Кулку келерлик, мышыктар, милициянын майору, мугалимдер 2018-атактуулукту алышат го, бирок майорго эч ким жетпейт, майор Аскатка жетпейт го (айыл окмот киносундагы учатковыйга)
+2
Birimdik5555
2018-02-04 02:01:31
Эки жыл эле иштеп стол талашыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан