Камчыбек Жолдошбаев: "Бакыт Төрөбаев, Гүлжан Кулмамбетова тууралуу маек берген эмесмин. Айтылган сөздөрдүн баары жалган"

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана диктор Гүлжан Кулмамбетова жөнүндө маек бербегенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 25-январда SUPER.KG порталына билдирди.

"Бакыт Төрөбаев, Гүлжан Кулмамбетова боюнча айтылган сөздөрдүн баары жалган. Кулмамбетова тууралуу деле билбейм, туура эмес маалымат берип койгон го. Бул сөздөрдү жазган маалымат каражаты көрүнгөндү жаза берет", - деди Жолдошбаев.

Белгилей кетсек, маалымат каражаттарынын бирине Камчыбек Жолдошбаев менен болгон маек жарыяланган. Анда Жолдошбаевдин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясындагы депутаттардын жарымы аны колдой турганын айтканы боюнча чыккан. Ошондой эле Жолдошбаевдин "Бакыт Төрөбаев лидер болбой калган" жана "Кулмамбетова башында мага келип жүрчү. Кийин Салымбековго тийип, токол катары жашап кеткенде менин аяшым Гүлмира катуу кайгырган" деген маеги жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
voennyi88
2018-01-25 18:57:33
Ой Камчыке Камчыке. Эл ишенип шайлады эле сизди.Бирок жакшы тарабынызды коро албадык.
+11
Mers124
2018-01-25 19:02:19
Ой буга кайсы эл ишенди. Муну эч ким шайлаган эмес.
+12
AIZAD
2018-01-25 19:12:41
Атбашылыктар бириндикин бирин чукуйсунар го. Бири биринерди колдогондун оордуна. Эхх, уялдым силер учун..(
+2
Jazdyn_tany
2018-01-25 20:07:45
AIZAD,Причём здесь Атбашылыктар? Ар бир адамдын өзүнүн деңгээлине жараша! Как будто башка аймактарда жалаң ушакташпаган, жаман айтышпаган 100% жакшы адамдар жашашат...
+1
Adiletia
2018-01-26 08:45:27
Даана шакал киши ушул. Беш сары соода комплексинде жакшы иштеп атсаң эле келип бир шылтоо местаны алып, өзүнүн адамын коюп коётда ошондой товар саттырат
+2
jikitai
2018-01-25 20:28:42
AIZAD,Чукугандарды бири сенсин. Жон эле отуп
Кет сен да чукунбай. Анан да Ат Башылыктардан
Айланып кет уктунбу!!!!
0
Ak_Bulut
2018-01-25 23:40:10
jikitai,анча кетпениз жаман деле айтпаптыр наоборот эки олигарх Ат-Башыдан экенин белгилеп кетиптир
+6
tursunbaev78
2018-01-26 00:33:58
AIZAD,Кыргыздын канында бар,чукумай,бут тосмой,ошон үчүн өнүкпөй артка кетип атабыз
+6
Arlenchik
2018-01-25 19:32:40
Бул кишинин антип маек бериши деле толук мумкун, Жолдошбаевден аны кутсо болот доодуроп суйлоп коймой жайы бар, эми ушу киши депутат болуп элдин эмне койгойун чечип эмнени кыйратат, просто байлыгынын арты мн келген, буга окшогондор жогорку кенеште толтура, атын чыкпаса жер ортто дегендей мааниси жок маек берип же бир нерсени дооруп кээде ушунтип жарк этип озунун депутат экенин корсотуп турат.
+14
jbolotov
2018-01-25 21:14:21
Кыргыз элинин келечегин аныктаган ЖКда тушунугу оз бизнесинен башканы коргогонду билбегендер отурса келечек кандай болот ойлондурат. Миндеген кен байлыктар Кытайга кетип атат, Кыргызстандагы аты угулган ишкананын баары чет элдики экен,кочолор эле калыптыр бизге. Ушуларды, улуттук коопсуздукту алып чыккан чиновниктер келеби озу бизге? Откондо мамлекеттик маанидеги ЖКнын депутаты Д.Бекешов суйлоп атат, автомойкалар таза суу менен жууйт экен деп, бул туура маселе, бирок мындай проблемаларды мэрия,
+7
RusMos76
2018-01-25 21:33:19
Сотко бербейби ММКлар жону жок эле жаза бербейт да, дагы интервью болуп атса жомок болсо экен бир жон. Мурдагы президентибиз коптогон журналисттерди карыз кылып кетти го. Жалган болсо сотко бергиле, ушакчыларга окшоп актанбай!
+5
Ak_Bulut
2018-01-25 23:36:03
Бул Беш-Сары (же Кара-Кече) депутат эмес айакта жон эле отурат Эми... иши кылса отуратда пайдасы жок. Тема боюнча Беш-Сары Болот болуп Дордой Жантай болгонго.
+4
Tynybek1989
2018-01-26 02:29:52
Ушу биздин депутаттардын аткарган иши менен эмес айткан ушагы менен таанып калдыкко
+9
omka100514
2018-01-26 08:28:13
Мен фейсбуктан интервюсун окудум, Гулжан эже жонундо айтыптыр эле, " Гулжан башында мага келип журчу, кийин Салымбековго токол болуп тийип алган, анан аяшым Гулмира ошондон эле ооруп козу отуп кетти" - дептир. Ал ортодо кыздарын да айтып отуптур " кыздарым келечекте эл башкарган кыздардан болот, бири депутат бири Беш-Сарыны иштетет" - деп журналистке берген маегин окудумго.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан