ЭЛДИК ВИДЕО: "Бул Астана эмес, Алматы эмес. Чүйдүн суугуна мышык тоңуп калды"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Мышык суукка тоңуп калды" деген видео жүктөлдү. Аталган видеону порталдын окурманы Чүй облусунун Новопавловка айылында тартылганын айтып берди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен ал коңшусунун мышыгын тоңуп калган абалында тапкан.

Видеонун автору "Бул Астана эмес, Алматы эмес. Кыргыз жери, сууктун күчү. Минтип коңшубуздун мышыгын тоңуп калган абалында таптым", - деп суукка тоңгон жаныбарды көрсөткөн.

Айта кетсек, буга чейин ӨКМ өлкөдө аба ырайы кескин түрдө төмөндөп, айрым аймактарда -30 градуска чейин суук боло тургандыгын билдирген. Мындан да суук аба ырайы Казакстандын бир катар облустарында болуп, абанын температурасы -40 градуска түшкөн.

Казакстанда да жаныбарлардын суукка тоңуп өлүп калган видеолору тартылып, коомчулукка тарап, талкууланууда. Ошол эле учурда бул жылы АКШдагы суук игуандардын да өмүрүн алып жаткандыгы кабарланган.

Сууктан мышык тоңуп калды
Казакстандагы катуу сууктан жаныбарлар тоңуп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
33SUUN
2018-01-25 20:18:14
Мышыкты кышында жылуу уйго киргизбесе тонуп олбогондо эмне кылсын?Мышыктын кышында кардын устундо жашап жургонун коро элекмин.Убал болуптур.
+8
take19
2018-01-25 23:27:52
Жөн эле учуруп жатышат. Ооруп өлгөн мышыкты көрсөтүп. Мындай суук Ат-Башы, Арпа, Нарында болуп эле келген да. Ал жакта ит, мышык калбай калбайт беле.
+4
jasgul
2018-01-26 07:06:01
Эшикте калса тонуп калат да анан. Эшикте жашаган итти, чымчыкты тартса, же жаныбарларды тартса ишенмекпиз. Илгери дарыялардын усту тонуп, жарып суу алышчу апалар. Агаларым жыгачтан клюшка жасап алып устундо хоккей ойношчу. Мындай аномалдуу суук болуп келген жыл сайын эле. Азыр илгеркидей кыш жок ошон учун мектепти жаап, ызы-чуу болуп атабыз тонуп калды деп
+2
Eli.91
2018-01-26 10:13:58
Бизде точно ушундай суук болуп атат,катып каласын?суука чыдабай уйдон чыкбай отурабыз?
0
temi
2018-01-26 11:19:51
Ат башыдан келген мышык беле бул)))))) Чуйский Типичный мышыкда суук корбогон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан